Кыргызстанда дагы бир жолу жер титиреди

Бүгүн, 24-январь күнү эртең менен Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Жер титирөө саат 08:39да Нарын облусунун аймагында болгон. Жер титирөөнүн очогу Жерге-Тал айылынан 12 чакырым түндүк-батышта, Нарын шаарынан 34 чакырым түндүк-батышта болгон. Жер титирөөнүн күчү 4,1 балл болгон.

Эл жашаган аймактарда жер титирөөнүн күчү: Жерге-Тал, Казан-Куйган, Тегерек, Оттук, Кызыл-Жылдыз айылдарында 3 балл, Ылайлы-Суу, Шоро, Жан-Булак айылдарында 3 баллга чейин жеткен.

Бул жер титирөөнүн коңшу Казакстандын сейсмологдору дагы катташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан