Учурда өспүрүмдөр көзгө тамчылатма баңгизатын колдонуп жатышат. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Дарыканаларда көзгө тамчылатма баңгизаты чыгыптыр. Муну иретке келтириш керек да. Балдар алып көзүнө куюп алып, ошого көнүп кетип бара жатышат. Муну иретке келтиришибиз керек да, эми дарыканаларга сатпа деп айта албайбыз, мыйзам чегинде иштеп жатышат. Бирок аны тыюу салып, бир жолго алып келишибиз керек да. Бир чечимге келбесек бир улутту, муунду жоготобуз да", - деди Түлөбаев.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев синтетикалык баңгизаттар боюнча көйгөйлөр бар экенин айтып, бул боюнча рейддер уюштурулуп, тиешелүү адамдар жоопко тартылып жатканын айтты.