Өзгөн районунда жер тилкелерин жеке менчикке берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалым болгондой, Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтү жана башка мамлекеттик кызматкерлерге карата жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
"Өкмөттүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы №542 токтому менен 2020-жылдын 20-августундагы бекитилген башкы пландын негизинде Дөң-Булак айыл аймагынын Өзгөрүш айылында жайгашкан 82 жер тилкеси Өзгөн районунун аймагына өзгөртүлгөн. Бирок кийинчерээк аталган айыл аймагынын айрым кызмат адамдары, ошондой эле Өзгөн архитектура бөлүмдөрү жана «Кадастр» мамлекеттик мекемеси кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башкы пландарды бурмалашып, жер тилкелерин жеке турак-жай куруу үчүн беришкен. Тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында 31 миллион сом зыян аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Козголгон кылмыш ишине ылайык, былтыр 22-ноябрда шектүүлөр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кармалгандар:
Дөң-Булак айыл аймагынын мурдагы жетекчиси С.Э.Р.;
Өзгөн району боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Б.А.К.;
Өзгөн районунун архитектурасынын мурдагы башчысы А.М.К.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.