
Өлкөнүн бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Испаниянын Ла-Нусия шаарында өтө турган “Boxam” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 29-январда башталып, 4-февраль күнү жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
- 51 килограмм Нуржигит Дүйшебаев;
- 57 килограмм Санжар Сейдакматов, Мунарбек Сейитбек уулу;
- 63 килограмм Мирзахид Имамназаров, Алмаз Орозбеков;
- 71 килограмм Нурадин Рустамбек уулу, Сыргак Абдыжапар уулу;
- 80 килограмм Сагын Сатыбалды уулу, Эркин Адылбек уулу;
- 86 килограмм Өмүрбек Бекжигит уулу;
- 92 килограмм салмакта Бакыт Токтосун уулу.
Курама команда улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышары айтылат.