Таласта 3-кабаттан боюн таштаган келин аман калды. ӨКМдин маалыматы

Бүгүн, 24-январда Талас шаарында көп кабаттуу үйдөн секирген аял киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, калаадагы Өмүрбеков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 3-кабаттан 1996-жылы туулган Б.к.К. аттуу аял киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Жеринде куткаруу иштери жүргүзүлүп, Талас шаардык №17 ӨКБдан 4 куткаруучу ИИМ кызматкерлери менен биргеликте тартылган.

"Секирген аялды жууркан менен тосуп алышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы канааттандырарлык", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан