Баткенде аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракеттенген бир нече жаран кармалды

Бүгүн, 24-январда мамлекеттик чек арадан аткезчилик жүктү алып өтүү аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары Вольво-500 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны кармашып, анын айдоочусунда жүктү коштогон жалган электрондук документ болгондугун аныкташкан.

"Жасалма коштомо баракты пайдаланып 2004-жылы туулган А.у.А аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун Арпа-Сай айылынын тургуну 7 тонна анарды Өзбекстандан өлкөгө мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Лейлек районундагы Мурас-Достук унаа жолунда Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары өлкөдөн Тажикстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган 1993-жылы туулган Г.М аттуу аталган райондун Жаштык айылынын тургунун кармашкан", - деп айтылат маалыматта.

Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө 3,5 тонна “Миф” кир жуугуч порошогун табышкан. Айдоочуда алып бараткан жүгүнө тийиштүү документтер болгон эмес. Анарлардын жана кир жуугуч порошоктордун баасы болжол менен 1 миллион 500 миң сомду түзөрү айтылат.

Тиешелүү документтер толтурулган соң аткезчилик жүктөр жана кармалган жарандар андан аркы териштирүүлөр үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан