Биз социалдык тармакта

Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери Түркияга бекер окууга кетишти

Бүгүн, 24-январда Улуттук хирургия борборунун адистеринен турган топ боорду алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүүдө керектүү билим, практикалык тажрыйба алуу үчүн Түркияга жөнөп кетишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 13 адистен турган топ: хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана медайымдар 3 айлык мөөнөткө Түркиянын Инөнү университетине кетишти.
Алар аталган окуу жайда бекер окуудан өтүшүп, окуу мезгилинде бекер жатакана жана тамак-аш менен камсыз болушары айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан