Депутат Нуржигит Кадырбековго убактылуу тергөө абагынан бир жаран байланышка чыккан. Бул тууралуу ал бүгүнкү, 24-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ага кечээ тергөө абагында жаткан адам байланышка чыгып, 1,5 айдан бери бир дагы тергөөгө иши жүрбөгөнүн айткан.
"Албетте, иш көптүгүнөн унутулуп калып жаткандыр. Бирок 1,5 ай жакындары үчүн, өзү үчүн, жаңы эле үйлөнгөн экен жары үчүн кандай болот. Жубайы менен дагы жолуктурбай жатышыптыр", - деди ал.
Ошондой эле Кадырбеков алардын дагы ишин жакшылап териштирип, тагдырларына кош көңүл карабаш керектигин айтты.