Намазканада уурулук кылган жаран видео байкоонун жардамы менен кармалды

Бүгүн, 24-январда Бишкекте сырткы видео байкоо камераларынын жардамы менен издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан сырткы видео байкоо камераларынын жардамы менен Чүй облусунда туулган Т.Р аттуу жаран кармалган. Ал мурда Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен издөөдө жүргөнү айтылат.
"Көзөмөл камералары бул жаранды издөөдө жүргөн адам катары тааныган. Т.Р. буга чейин дагы Чүй облусунун аймагында жайгашкан намазканалардын биринде уурулук кылганы сырткы видео байкоо камераларына түшүп калган. Тергөө иштери уланууда", - деп жазылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан