Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө 28 жаштагы жаран каза болду

Ошто жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан курулушчу болуп иштеген жаран кулап кетип, каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинен билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-январда милицияга жаңы курулуп көп кабаттуу турак жайдан бир адам кулап, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүдө ал жерде курулушчу болуп иштеген 1996-жылы туулган Кара-Кулжа районунун тургуну экени такталган. Ал 8-кабаттан кулаган.

Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан