Бүгүн, 24-январга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 629 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 148 куб метр болсо, сууну керектөө секундасына 696 куб метрди түзүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.