Сузакта авто унаа айдай качканга шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Сузак РИИБге 21 жаштагы жигит арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен такси кызматында иштей тургандыгын жазган. Айтымында, 24-январдаү саат 06:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасынан 2 бейтааныш бала аны такси катары жалдап, Сузак районунун аймагында дүкөндөн суу алабыз деп токтотушуп, ошол жерден айдоочуну уруп-сабап, автоунааны талкалап, андан кийин айдап качып кетишкен.
Бул окуя боюнча ошол эле күнү кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишинин бети изи сууй электе ачылган. Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 24 жаштагы Т.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми кылмыш ишине катышкан экинчи шектүү Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 25 жаштагы М.Б. экендиги аныкталып, тергөөгө камсыз кылынган.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.