Биз социалдык тармакта

Нуржигит Кадырбековго абактан чалган адам ким экени аныкталды

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековго абактан телефон чалган Ж.А.Т. аттуу айыпталуучу экени аныкталды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

ЖАКтын маалыматына ылайык, депутатка телефон чалган адам № 21 мекемеге камакка алынган. Тинтүү учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылган.

ЖАК № 21 мекеменин кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталганын билдирди. Ошондой эле депутатка телефон чалган айыпталуучу убактылуу жазалоочу камерага киргизилген.

Кечээ, 24-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков ага тергөө абагында жаткан адам байланышка чыгып, 1,5 айдан бери бир дагы тергөөгө иши жүрбөй жатканын айтып арызданганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан