Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу таштандыдан тазаланып, жолдун тайгак тилкелерине инерттик материалдар чачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жолчулар аталган трассанын 37-80-чакырым аралыгында ыргытылган таштандылар жана башка тиричилик калдыктары чогултулду", - деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик жарандарды табият менен таттуу мамиледе болуп, жолго таштанды таштабоого чакырат.