Бүгүн, 25-январь күнү Бишкек шаардык милициясына 3 кызматтык электромобиль унаасы тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында министрдин биринчи орун басары, генерал-майор Адылбек Бийбосунов Кореянын өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту.
Анда элчи Бишкек ШИИББинин финансылык-техникалык жактан камсыз кылууну күчөтүү, шаардын аймагында туристтердин жана чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине унааларды салтанаттуу түрдө тапшырды.
Электромобилдер Ички иштер министрлиги менен Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана өз ара аракеттенүү жөнүндө кол коюлган меморандумдун алкагында берилгени айтылат.