Өлкөдө 24.01.24 сандарын камтыган кооз датада 184 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, борбор калаада 41 түгөй, анын ичинен 14 түгөй Бакыт өргөөсүндө баш кошушту. Ал эми Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 салтанат өткөн.
Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти 2023-жылы өлкө боюнча 44 миң 776 нике каттаган. 2022-жылга салыштырмалуу нике каттоосу 1 миң 430га көбөйгөнү айтылат.