Панфилов районундагы турак үйлөрдүн биринин алдынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул туурасында бүгүн, 18-декабрда Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 16-декабрь күнү саат 22:00дөр чамасында аталган райондун 54 жаштагы тургунунун үйүнүн алдына белгисиз бирөө жаңы төрөлгөн баланы таштап кеткен. Иликтөө иштеринин негизинде ымыркай үй шартында жарык дүйнөгө келгени, ден соолугу жакшы экенин аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.