Биз социалдык тармакта

Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси болот

Бишкекте 27-28-январь күндөрү кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарманке Киев – Раззаков – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

"Катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчүлөр төмөнкү байланыш номери аркылуу кайрылса болот: 0555 34 60 60", - деп билдиришти министрликтен.

Жарманкенин максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан