"Общактан" чалып жатам". Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка караганда, 18-январда милицияга Кочкор-Ата шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2023-жылдын июль айында телефонуна бейтааныш жаран чалып, “мен "общактан" чалып жатам” деп Базар-Коргон районуна чакырганын, ал жакка П. аттуу бала коштоп барганын айткан. Ал жерден экөө анын 500 миң сомун жана Хонда фит унаасын тартып алышкан.
Натыйжада жабырлануучуга 1 миллион 100 миң сом зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 24-январда Базар-Коргон районунун 44 жаштагы тургуну Э.М. жана Ноокен районунун 36 жаштагы Б.А. аттуу тургундары кармалып, кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени аныкталган.
Ошондой эле шектүү Б.А.нын үйүн тинтүүдө сайсыз ок атуучу курал табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 44 жаштагы Э.М. боюнча учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан