"Барар жерибиз жок". Түндө үйү толук күйүп кетип көчөдө калган Чүйдүн тургуну элге кайрылды

Кечээ, 24-январда болжол менен саат 19:30 чамасында Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагынын Ак-Ордо 3 конушунда турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына үйү өрттөнгөн Амангүл Берикбай кызы билдирди.

Анын айтымында, өрттөнгөн үйдүн бир бөлүгүндө тигүү цехи да болгон. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттү көрөрү менен чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн жана жалынды убагында басып калууга аракет кылышкан.

"Үйдө жолдошум, ата-энем, сиңдилерим жана эки кызым болуп жалпы тогуз адам жашачубуз. Бир бөлүгү тигүүчү цех болчу. Өрт мешке от көп жагылып, анын мору ысып кеткендиктен чыкты. Үйдө жашагандар, цехте иштегендер убагында чыгып кетүүгө үлгүрүштү. Ошондуктан жабыркагандар болгон жок. Бирок үй толугу менен күйүп кетип, барарга жерибиз жок калдык. Түндө апамдын бир тууган эжесиникине жаттык. Ал жерде күндө боло албайбыз да. Көппүз. Ал эми цехтин ичинде 30 тигүүчү машина, 2 үтүк бар эле, баары өрттөндү. Биз кийип жүргөн кийимибиз менен чыга качтык. Оокаттарыбыз, документтерибиздин баары күйдү", - деди ал.

Тигүү цехин бир жыл мурда насыяга чоң суммадагы каражат алып ишке киргизгенин, ал үчүн ай сайын 100 миң сомга жакын акча төлөрүн кошумчалаган тургун кайрымдуу элден жардам сурайт. Жабыркаган үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0 703 094 607 (Амангүл Берикбай кызы) номуруна байланышсаңыздар болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышканыбызда, өрттү өчүрүүгө жалпысынан 4 бөлүм тартылганын билдирди. Ага ылайык тилсиз жоо саат 20:30да чектөөгө алынып, ал эми 22:31де толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метрди түзгөн турак үй, тигүүчү цех жана тиричилик буюмдары толугу менен күйгөн. Мындан сырткары 3 газ баллону жарылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканын кошумчалашты.

Чүйдүн Ак-Ордо 3 конушунда үй менен цех толук өрттөнүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан