"Үй жана тигүүчү цех толугу менен күйгөн". Сокулукта турак үй өрттөндү

Кечээ, 24-январда Чүйдүн Сокулук районунда турак үйдөн өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Новопавловка айыл аймагынын Ак-Ордо-3 конушундагы үйдөн өрт чыгып, аны өчүрүүгө жалпысынан 4 бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 20:30да чектөөгө алынып, 22:31де толугу менен өчүрүлгөн.
"Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метрди түзгөн турак үй, тигүүчү цех жана үй-тиричилик буюмдары толугу менен күйгөн. Мындан сырткары 3 газ баллону жарылган. Кырсыктан жабыркагандар жок", - деп жазылат анда.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан