Биз социалдык тармакта

Бишкекте 69 жаштагы жарандын буту көчөдөгү темирге кыпчылып калган. Ага куткаруучулар барышты (фото)

Бишкекте куткаруучулар темирге буту кыпчылып калган жаранга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Байтик баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманын жанында суу өтүүчү арыкка коюлган темир торго Ш.В аттуу эркек кишинин буту кирип, кыпчылып калган.

Жерине саат 13:18де Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу барып, ыкчам түрдө атайын шаймандын жардамы менен темирден бутун чыгарышкан. 69 жаштагы жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан