Аскер бөлүктөн электр-скутери уурдалган. Шектүү катары подполковник кармалды

Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде аскердик жана башка мүлктөрдүн сакталуусу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Текшерүүдө баасы 165 миң сомду түзгөн электр-скутер аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары жана командири тарабынан уурдалып, андан ары сатылып, акчасы жеке муктаждыктарына иштетилгендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголду.

"Кылмыш иш боюнча берилген атайын тапшырманын негизинде УКМКнын кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда, чогултулган далилдер менен кылмышка шектүү катары Коргоо министрилигине караштуу аскер бөлүктөрүнүн биринин командири, гвардиянын подполковниги Т.М. кармалып, камакка алынды", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдары аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан