"Не сахар" долбоорунун чыгармачыл тобуна кол салуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда SUPER.KG порталына аталган долбоордон билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 22-январда саат 21:00 чамасында Чүйдүн Беловодское айылындагы нан чыгарган цехте орун алган.
Анда наабайкананын ээси цехтин ичине кирүүгө каршылык көрсөтүп, алгач камераны чаап жиберген, аны арачалаган долбоордун алпаруучусу Умар Дадановду да бет талаштыра урганын көрүүгө болот.