Кечээ, 25-январда Бишкектин Орто-Сай айылынын Иманалиев көчөсүндө BMW жеңил унаасы оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен 2001-жылы туулган М.А. аттуу кыз жана 2002-жылы туулган С. уулу М. аттуу жигит жабыркаган. Чалуу түшкөн жерине барган ӨКМнын 5 куткаруучусу биринчи жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматына унаа менен жеткирип барышкан.
Жабырлануучуларды унаадан жеринде кырсыкка күбө болгондор чыгарышкан.