Баткенде социалдык тармак аркылуу экстремисттик материал тараткан жаран кармалды (видео)

Баткенде социалдык тармак аркылуу диний-экстремисттик материалдарды таркатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Баткен ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун 1997-жылы туулган С.Ч. аттуу тургуну социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкө аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун аудио жазууларын сактап, таркатып жүргөн. Бул материалдарга атайын экспертиза жүргүзүлгөн.

"Үйүн тинтүү учурунда 4 даана уюлдук телефон, 21 даана диск жана 14 даана китептер табылды", - деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин негизинде (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан