Биз социалдык тармакта

Жактыбы? Ошто эки деңгээлдүү өтмөк курулат (видео)

Ош шаарында эки деңгээлдүү өтмөктү курууга даярдыктар башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, шаардагы Ысакбек Монуев көчөсүн “Кыргыз Көчү” босогосунан Апсамат Масалиев кең көчөсүнө чейинки аралыкты оңдоп-түзөө, Ысакбек Монуев, Аскар Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү жер астынан, үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн курулуучу өтмөктү курууга даярдыктар башталды.
"Анын алкагында тиешелүү адистер тарабынан учурда элге түшүндүрүү иштери, кызыл сызыктын чегинен чыгып кеткен имараттарды алып салуу, курулуш иштерин баштоо үчүн долбоордо каралган жерлерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат анда.
Бул Ош шаарында жасалуучу негизги ири долбоорлордун бири экени айтылды.
Ошто эки деңгээлдүү өтмөк курулат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан