Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз акча алып өтүүгө шектүү жаран кармалды

Баткенде ири өлчөмдөгү акча каражатын аткезчилик жол менен ташып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектешкен Алга айылында 32 жаштагы И.И аттуу жаран унаасы менен коңшу өлкөдөн мыйзамсыз акча алып өтүп бара жаткан жеринен кармалды.

"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө эки капка таңгакталып салынган акчалардын жалпы суммасы 11 миллион 700 миң рубль жана 110 миң доллар акча каражаттары далил катары алынган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (Экономикалык контрабанда) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп жазылат анда.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан