Соттолгон жарандын батирин сатып жиберген сот аткаруучуга кылмыш иши козголду  

Бишкектеги Октябрь районунун сот аткаруучусуна карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен А.Б. жана анын башка тарапташтары угузулган айыптары боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекетке келтирилген 310 миллион 281 миң 747 сом өлчөмүндө зыянды ортоктош төлөөсү көрсөтүлгөн.

"Өкүмдүн зыянды өндүрүү жагын аткаруу барагы Октябрь районунун сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн сот аткаруучусу А.С.га тапшырылган.

Аталган сот аткаруучу өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында 3 ай ичинде соттолгон А.Б.нын мүлкүнө камак салбай, анын Бишкек шаарындагы батирин 2 миллион 3 миң 310 сомго башка жаранга сатып жиберген", - деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан