Абакта жаткан соттолуучулардан ар түрдүү бычактар жана телефондор табылды

Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде тинтүү жүргүзүлүп, бир канча тыюу салынган буюмдар табылган. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, Жазаларды аткаруу кызматынын терс маанайдагы соттолгондордун тобунун башкаларга тийгизген таасирин алдын алуу, ошондой эле тыюу салынган буюмдарды табуу жана конфискациялоо, мүмкүн болгон жер астындагы казууларды жана башка качууга даярдыктарды табуу максатында ЖАКтын мекемелеринин биринде жалпы тинтүү жүргүзүлдү.

Ага ылайык, төмөнкү тыюу салынган буюмдар табылып алынды:

- ар кандай үлгүдөгү мобилдик байланыш шаймандары - 95 бирдик;

- сайуучу-кесүүчү буюмдар - 163 даана.;

– акча каражаттары-2240 сом;

- түзөтүү мекемесинин ички эрежелери менен тыюу салынган түрдүү буюмдар (заряддоочу түзүлүштөр, аккумуляторлор жана мобилдик телефондор үчүн кулакчындар, оюн карталары ж.б.) - 340 даана.

"Натыйжада, ички тартип эрежелерине баш ийбеген абактагы жарандар айып изоляторуна киргизилди. Соттолгон жарандарга мыйзамдын талаптарын так аткарууда, тыюу салынган нерселерди жабык жайларда колдонбоо жана алып жүрбөө боюнча кызматкерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан