Кыргыз-кытай чек арасында кайрадан бир нече ирет жер титиреди

Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир нече ирет жер силкинди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, кечээ, 25-январда күндүзгү саат 10:59да жана 14:14тө күчү 4 баллга жеткен эки жер титирөө катталган. Бүгүн, 26-январда түнкү саат 02:01де 6 баллга жакын, саат 04:38де күчү 4,5 баллга жеткен жер силкинүү орун алды.

Таңкы саат 06:17де жана 07:55те очогунда күчү 4 баллга жеткен эки жер титирөө катталды.

Кыргызстандын Бедел (4,5 балл), Ак-Шыйрак (4 балла), Ыштык айылдарында жана Кумтөрдө (4 балл) жер силкинүү сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан