Кара-Суу районундагы "Туратали" базарынын бир бөлүгүнүн кожоюну камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалымдалгандай, жеке ишкер Ж.К. өзү көзөмөлдөгөн бөлүктөгү ижарачы соодагерлерди "контейнериңди буздуруп салам" деп коркутуп, келишим түзүүдө жана аны узартууда 5 миңден 10 миң долларга чейин мыйзамсыз акча алып турган.
Ижарачылар соода жайды алдырып жиберүүдөн коркуп, ижара акыдан тышкары да мыйзамсыз акча которуп турууга аргасыз болушкан.
Ушул жылдын 24-январында бул боюнча УКМКга арыз түшкөн. Анын негизинде атайын операция уюштурулуп, соодагерлердин бири мурда суралган 5 миң долларды Ж.К.нын эсебине которгон. Андан кийин УКМК кызматкерлери жеке ишкерди кармап, тергөө абагына камакка алган.
Соттун чечими менен Ж.К.нын үйүн тинтүүдө 135 миң 600 доллар, 1 миллион 113 миң 800 сом, зер буюмдары, Улуттук банктын 999 үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 килограмм болгон 10 даана алтын куймасы жана 2017-жылы чыккан Рейнж Ровер унаасы алынды.
УКМК тарабынан чарбакер субъектилерден мыйзамсыз жыйымдарды чогулткандарды алдын алуу боюнча иш-чаралар улантылууда.