
Ысык-Көлдө изделип жаткан жаран аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-январга караган түнү саат 01:00 чамасында издөөдө жүргөн 2001-жылы туулган Т. Э аттуу жаран Бишкек шаарынан Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылына бара жаткан жеринен табылган.
"24-январда Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде аталган жаранга таандык паспорт, кийимдер жана сумкасы табылган.
ӨКМнын суучулдары тарабынан 21 куткаруучу, ИИМдин 19 кызматкери, Кумбел айыл өкмөтүнөн 5 адамдан турган топ көл жээгиндеги эс алуу үйлөрүнөн, менчик турак жайлардын ээлеринен сурамжылоо менен издөө иштерин жүргүзүшкөн", - деп жазылат маалыматта.