Сузакта унаа айдай качкан 24 жаштагы жигит кармалды

Сузакта автоунаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жалал-Абад ОИИБинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, былтыр 29-августта милицияга Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 29-августка караган түнү үйүнүн алдында турган Деу Матиз унаасын белгисиз адам уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесине (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 25-январда 24 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.А. кармалып, убактыуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан