Балыкчы шаарында 5-класстын окуучусун унаа сүзүп, айдоочусу токтобостон качып кетти. Бул тууралуу кыздын атасы билдирди.
Кырсык кечээ, 26-январь күнү саат 13:15тер чамасында Аманбаев-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кыз мектептен чыгып, жөө адамдар өтүүчү жерден жолду кесип өтүп бара жатканда аны унаа сүзүп кеткен. Кыздын атасынын айтымында, унааны башкарып бара жаткан айдоочу Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болгон.
"Ал кызымды сүзүп, биринчи медициналык жардам көрсөтпөй, кырсык болгон жерден качып кеткен", - деди атасы.
Анын айтымында, кызды сүзүп кеткен айдоочу мас абалында унаа айдап бара жаткан. Кыздын атасы күнөөкөр өзүнүн ордуна башка адамды экспертизага жөнөткөнүн айтты.
"Муну жайылтууну суранам. Адилеттик болуш керек, туурабы? Же ал начальник болсо, анын колунан баары келеби?", – деди жабырлануучунун атасы.
Кыз учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.