Биз социалдык тармакта

Чек ара: Кыргызстан менен Тажикстандын делегациялары жолугушту

Тажикстандын Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жетишилген макулдашууларга ылайык, 21-январынан 27-январына чейин Тажикстандын Бустон шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек калган аймактарында биргелешкен ишмердүүлүктү жүргүзүп, ишти Кыргыз Республикасынын аймагында боло турган кийинки жолугушууда улантууну чечишти.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү", - деп билдиришти Министрлер кабинетинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан