"15-20 мекендешин мыйзамсыз алып келген". ИИМ Пакистандын жаранын кармады

Мыйзамсыз миграция уюштурганга шектелип Пакистан өлкөсүнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Н.М аттуу Пакистандын жараны Кыргызстанга иштөө визасын ачуу үчүн 1000 АКШ долларын алып, ушул күнгө чейин ачпай, изин жашырып жүргөндүгү аныкталган. Аны менен кошо Пакистандан 15-20дай адам өлкөгө иштөө үчүн келгени да белгилүү болгон.
"Ал алдоо жолу менен материалдык пайда алуу максатында транспорт каражаттарын, турак-жай, уруксаты жок (эмгек визасы, иштөөгө уруксаты, каттоосу) жумушту жана башка жайларды берип, акча табуу максатында өлкөгө чакырып, ошол эле учурда 600 АКШ долларынан жогору айлыкка ишке орноштурам деп убада берген.
Бирок өлкөгө туристтик виза менен келгендиктен Бишкек шаарында жайгашкан тигүү цехтеринин бирине ишке киргизген.
Оозеки түрдө келишим түзүлгөндөн кийин, чакыруучу Н.М. тарабынан айтылган убадалар, эмгек акы, жашай турган жер берилген эмес", - деп жазылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган жаран кармалып, Бишкек шаарынын ИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан