
1-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда заманбап индия бий кечеси өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ушул эле бий кечеси Ош шаарында 3-февралда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында да тартууланат.
"Бул маданий программа өлкөнүн жана Индиянын Маданият министрлигинин ортосундагы 2022-2026-жылдарга карата Маданий алмашуу программасын алкагында ишке ашырылат.
Кече Индиянын өлкөдөгү элчилиги менен биргеликте доктор Рекха Мехра жетектеген “Урваши” маданият жана искусство, бий жана музыка коому тарабынан уюштурулду", - деп жазылат анда.
Кечелер саат 18:00дө башталып, кирүү акысыз экени айтылат.