Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтө турганын айтты

Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтөт. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 27-январда аталган базардын соодагерлери менен жолугушуу учурунда айтты.

"Мамлекеттик программанын негизинде Кара-Суу базары толук бойдон мамлекеттин менчигине өтөт. Буга чейин кээ бир 3-4-5 гектардан ээлеп алган кыйын болгон байлар бар. Мыйзамдын чегинде бардыгын тартипке салабыз. Ал жерлердин баары мамлекетке кайтарылат. Элге керектүү чоң-чоң соода борборлор түзүлөт. 2-3-5 сотыхтан жери болгон кызыл китеби барларга ошол соода борборлордун ичинен керектүү орундарды менчик катары бөлүп беребиз.

Жылуу-жумшак, бардык шарттары камсыздалган жерде соодаңарды кыласыңар. Мунун баарын мамлекет жасайт, колунан келет", - деди ал.

Ошондой эле соода борборду курууга жаз айында активдүү киришип, анын курулуш ишине эки жыл убакыт керектелерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан