Биз социалдык тармакта

Балыкчыда жол тандабас учура сүзүп кеткен окуучу кыздын учурдагы абалы айтылды

Балыкчы шаарындагы жол кырсыкта жабыркаган 11 жаштагы кыздын абалы туруктуу оор. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз Балыкчы шаарындагы жалпы дарыгерлер практика борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатат.

"Баш, көкүрөк жана ич көңдөйүнүн томографиясы жасалып, анализдер алынган. Эс-тутуму таза, ички кан агуу жок. Абалы туруктуу оор”, - деп билдиришти министрликтен.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун жол тандабас сүзүп, айдоочу токтобостон качып кеткен. Унааны Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып бара жатканы айтылган.

Ага бүгүн УКМК издөө жарыялап, ал көп өтпөй эле кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан