Ош шаарында өлкөнүн жаратылышын жана маданий көп түрдүүлүгүн чагылдырган көргөзмө өттү. Бул туралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, 26-27-январь күндөрү БУУнун өнүктүрүү программасы менен өнөктөштүктө Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин эмгек жааматы "ARТүрдүүлүк" чыгармачылык лабораториясынын алкагында 7 облустан келген 40 сүрөтчүнүн 150дөн ашык живопись жана графика эмгектерин камтыган иш-чара орун алган.
Анда министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу көргөзмөнүн катышуучуларын куттуктап, Кыргыз жараны концепциясынын баалуулуктары өлкөнүн бардык этностук жамааттарынын этномаданий өзгөчөлүгүн сактоо менен аларды бириктирип, искусство жана тарыхый-маданий мурастар аркылуу элдердин биримдигин бекемдөөгө мүмкүндүк берерин белгилеген.