Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда дагы уюшкан кылмыштуу топтор боюнча айтты

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор түп-тамыры менен жок болот. Бул тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун тургундары менен болгон жолугушуусунда айтты.

"Уюшкан кылмыштуу топторду түп тамыры менен жок кылабыз. Кыргызстаныбызда эч кандай кылмыштуу топ деген болбошу керек. Эч кандай бандиттер, ОПГ, "смотрящийлер", "ВОРлор" деген болбошу керек. Болом дегендердин, же болбосо кылмыштуу топтун мүчөсүмүн дегендердин башын кесебиз. Бирөөсү башын көтөрүп көрсүн биз аларды мыйзам чегинде жазага тартабыз. Бул мамлекеттин саясаты", - деди Ташиев.

Ал ошондой эле 2,3 жыл коомдо катуу көзөмөл болсо коом өзү эле өзүн башкарып каларын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан