Биз социалдык тармакта

Бүгүндөн тарта Бишкекте №9 автобус каттамы кайрадан иштей баштады

Бишкек шаарында бүгүн, 28-январдан тарта №9 автобус каттамы кайрадан ишке кирди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
"Шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана көптөгөн тургундардын бир нече жолку кайрылуусунун негизинде №9 автобус каттамынын эски кыймыл чиймесин кайрадан калыбына келтирүү чечими кабыл алынды", - деп билдиришти мэриядан.
Каттам 12-кичи районунан Восст конушуна чейин жүрүп, А.Токонбаев, И.Ахунбаев көчөлөрүн, Ч. Айтматов, Манас, Дэн Сяопин проспектилерин камтыйт. Анын узундугу 54 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Каттамда 25 автобус кызмат көрсөтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан