Дзюдочу Эрлан Шеровго "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спортчусу" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, былтыр Кытайда өткөн Азия оюндарында Шеров 90 килограмм салмак категорияда жеңүүчү аталып, аталган оюндарда алтын байге алган биринчи кыргызстандык дзюдочу болгон.
Ошондой эле былтыр дзюдо боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигинде алтын тагынган машыктыруучу Ислам Баялиновго "Ардагерлер арасында эл аралык даражадагы спорт чебери" жана дзюдочу кыз Кыял Амантуровага "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" наамы берилди.