Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жана анын ведомстволук бөлүмдөрүндө 1,2 миллиард сомдон ашык каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдагандай, 27-январда Эсептөө палатасынын кеңешинин жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүнүн жана мамлекеттик ишканалардын 2021-2022-жылдар аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчёттор каралган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жалпы 1 миллиард 251 миллион 455,6 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды: