Биз социалдык тармакта

Эске салабыз! Бишкекте эртеңден тарта жол кире кымбаттайт

Эртең, 30-январдан тарта Бишкекте коомдук транспортто жол киренин жаңы тарифи күчүнө кирет. Бул тууралуу мыйзамды шаардык кеңеш өткөн жылдын 27-декабрында кабыл алган.

Ага ылайык, эртеңден тарта автобус-троллейбустарга жол кире төмөнкүдөй тартипте төлөнөт:

  • Накталай төлөм - 20 сом;
  • "Тулпар" картасы менен төлөм - 17 сом;
  • Megapay тиркемеси менен төлөм - 11 сом.

Ал эми маршруттук кичи бустарга жол кире 20 сомдон болот. Бирок жол кире 7 жашка чейинки балдарга бекер.

"Ошондой эле пенсионерлер, майыптыгы барлар кызыл "Тулпар" картасы менен автобус, троллейбустарда акысыз жүрсө, маршруткага 8 сом төлөшөт. Окуучулардын жашыл "Тулпар" картасы 360 сом турат. Аны менен бир ай акысыз жүрүшөт. Чектөөсүз (лимитсиз) карта 1 020 сом турат, аны менен айына каалаганча жүрүүгө болот. Күнүнө 4-5 жолу каттаса, жол кире 5-6 сомдон айланат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан