Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 100 миллион 988,1 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, палатанын кезектеги жыйынында министрликтин 2022-жылдагы бюджеттинин аткарылышына карата жүргүзүлгөн аудиттин отчёту каралган. Жыйынтыгында 100 миллион 988,1 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган:
"Ошондой эле Ички иштер министрлигине 2021-2022-жылдарга лицензияны кармап калуу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн эсептөө маселеси боюнча аудиттин материалдары жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.