Биз социалдык тармакта

Бишкекте мыйзамсыз сатылган күйүүчү майларга карата текшерүү иштери жүргүзүлдү

Бишкек мэриясы башаламан соодага каршы күрөштү улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болондой, Биринчи Май муниципалдык администрациясынын жана № 15 МАБнын адистери менен биргеликте күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) башаламан соода түйүндөрүн жоюу боюнча пландалган рейд өттү.
"Профсоюз көчөсүндө болжол менен 160 литр уруксатсыз сатылып жаткан күйүүчү май алынды.
Ошону менен жаңы ишкерлерге карата КРнын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 120-беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлүп, экинчи категориядагы айып пул салынып, башаламан соодага жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, Профсоюз көчөсүндө 8 жарнама конструкциясы демонтаждалды. Бул багыттагы иштер улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан