Лейлекте скутер уурдаганга шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Баткен облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын тургуну милицияга менчигиндеги болжол менен баасы 50 миң сомдук скутери белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
Иликтөө иштеринин натыйжасында Кулуңду айыл аймагынын 32 жаштагы тургуну Э.Т. скутерди Кадамжай районуна алып барып сатып жибергендиги аныкталып, кармалган.
Учурда шектүү катары кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.