Кечээ, 28-январда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунун реконструкциялоо иштери менен таанышып чыкты.
Анда ал стадиондун азыркы абалына нааразы болуп, жетекчилигинин ишин сынга алган.
Мындан тышкары, стадиондун аянтын тактоо маселеси көтөрүлүп, Ташиев мурда менчикке өтүп кеткен стадиондун жерлерин кайтарууну тапшырды.
"Бүт мамлекетке аласыңар. Мурда стадиондун жери кандай болсо, ошого кайтып келебиз", - деди ал.
Ошондой эле УКМК төрагасы ал жактагы Бакиевдерге таандык болгон кафени дагы мамлекетке кайтаруу тапшырмасын берди.
Аталган стадион заманга ылайык акыркы үлгүдөгү технология менен курулат.